Кара металлургия
Кара металлургия – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн менен болоттон даярдалуучу түтүктөрдү, темир буюмдарын өндүрүүчү оор өнөр жай тармагы. Машина курууда, курулуш материалдарын чыгарууда, эл чарбасын техника менен жабдууда зор роль ойнойт. Мында Кара металлургиянын негизги сырьёсу болуп, темир кен таштары менен кокстуу көмүр эсептелет. Кенташты эритүүдө жана эришин тездетүүдө марганец кен ташы колдонулат. …